Казакстандын оппозициялык партиясына тыюу салынды

Алматы шаарынын соту кечээ күнү - "Казакстандын демократиялык тандоосу" аттуу опоозициялык партияны жабуу тууралу мурда райондук сот кабыл алган чечимди күчүндө калтырды. Өлкө парламенти болсо кечээ күнү атайын мыйзам кабыл алып, диний экстремисттик уюмдарга тыюу салды. Бирок укук коргоочулардын айтымында, мыйзамда экстремизм деп эмнени түшүнүш керек экени так аныкталган эмес.