Ташкенде демонстрация уюштурган укук коргоочулар сабалды

Ташкен шаарында кечээ күнү укук коргоочулар демонстрация өткөргөндө, белгисиз аялдар тобу аларга кол салып, белгилүү укук коргоочулар Елена Урлаева менен Абдужалил Бойматовду сабап кетти. "Аялдар мени жарым саат бою сабап-талады, менин папкамдагы бир топ документ, анын ичинде паспорт, аскерий билет да жоголду. Жаныбызда милиция, шаар акимиатынын кызматкерлери турган, бири да кийлигишип койгон жок".Канжалаган Урлаеванын айтымында, ал аялдарды бийлик жалдап, укук коргоочуларга каршы жиберген.