Мадридде бомба жарылып, 30дан ашык киши жарадар болду

МАДРИД. Бүгүн Мадриддин чет жакасындагы көргөзмө комплексинде автомашинага орнотулган бомба жарылып, андан 30дан ашык киши жарадар болду. Анын алдында эле "Гара" гезитинин редакциясына бирөөлөр телефон чалып, жардыруу боло турганын эскертишкен. Бирок убакыттын тардыгына байланыштуу полиция ал чөлкөмдү тосмого алганга үлгүргөн эмес. Телефон чалган адам өзүн Баск сепаратисттеринин ЭТА тобунун өкүлү деп атаган.