Жоокердин Ооганстанда набыт болгону 16 жылдан кийин айкын болду

НАРЫН. Советтик армиянын катарында кызмат кылып жүрүп каза болгон Урмат Алиев 1987-жылы 16-майда Атбашы райондук аскер комиссарияты тарабынан Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө жөнөтүлүп, кийин ал талаа почтасы аркылуу №44-585 аскер бөлүктө милдет өтөп жатканын жазып турган. Ал эми 1988-жылы 12-июнда каза болуп, сөөгү айылына жеткирилип жашырылат. Бирок Урматтын Ооган жеринде болгондугу кандайдыр бир себеп менен ал учурда айтылган эмес. Бул тууралуу 9-февралда болуп өткөн Ооган согушунун жана Баткен коогалаңынын катышуучулары менен жаштардын жолугушуусунда облустук аскер комиссарияттын бөлүм жетекчиси Таалай Ыдырысов билдирди. Анын айтымында, Урмат Алиевдин Ооганстанда милдет аткарганы айкындалды, бирок кандай кырдаалда каза болгондугу дале тактала элек. Ооган согушунда облус боюнча 13 жоокер окко учуп, аларга Нарын шаарындагы Жеңиш паркына эстелик такта орнотулган. Быйыл он төртүнчү болуп ал тактага Урмат Алиевдин ысымы жазылат.