Казакстанда 'Хизб ут-Тахрирдин' басмаканасы табылды

Казак милициясынын айтымында, Алматы шаарында "Хизб ут-Тахрир" партиясына таандык чакан басмакана табылып, эки казак жараны кармалды. Басмаканада көптөгөн диний адабият да табылды, акыркы жылдарда Орусия менен Борбор Азия жумурияттарында партиянын миңдеген мүчөсү кармалды.