ӨЗБЕКСТАНДА ӨКМӨТ ЖАҢЫЛАНДЫ

Өткөн аптанын соңунда Өзбекстанда өкмөттүн курамы жаңыланып, башка өзгөрүүлөрдүн катарында өлкөнүн тышкы иштер министри да алмаштырылды. Тышкы жана ички саясаттагы маанилүү чечимдердин баары бир адамдын - президенттин колунда топтолгон Өзбекстанда өкмөттөгү соңку өзгөрүүлөр Каримовдун Орусияга ыктаганынын белгиси дешет айрым байкоочулар. Тышкы иштер министринин жаңыланышы өлкөнүн тышкы саясатында өзгөрүүлөр болот дегенди билдиреби?
Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри Садык Сафаев белгилүү мамлекеттик ишмерлерден. Ал Өзбекстандын АКШ менен тыгыз алкасынын жактоочусу катары каралып келген. Вашингтондо элчилик кызматты аркалаган кезинде АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстан Ислам кыймылын террорчул топтордун тизмесине киргизген эле. Бул окуя Садык Сафаевдин дипломат катары кесиптик ийгилиги катары да бааланган.

Анын 2003-жылы тышкы иштер министринин кызматына дайындалышы Өзбекстан АКШ менен бекем алканы көздөгөнүнүн белгиси катары каралган болчу.

Министрлик кызматка келиши менен кошо Садык Сафаев өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримовага үйлөнгөнү жөнүндө ушак- айыңдар тарап, атүгүл ал президент Ислам Каримовдун мураскору болору тууралуу жоромолдор да айтылган эле. Анда өзбек тышкы иштер министрлиги мындай маалыматтарды дароо эле төгүндөгөн. Ал эми Сафаевдин президенттин улуу кызына үйлөнгөнү жөнүндөгү айың-кептер кийин калп болуп чыкты.

Эми эки жылдан соң Сафаев тышкы иштер министринин кызматынан алынып, парламенттин тышкы байланыштар комитетинин башчылыгына которулушу анын Вашингтон менен байланышынын натыйжасы эмеспи? Президент Каримов тышкы иштер министри келечекте Украина менен Грузияда бийликтин алмашышына алып келген ыңкылаптарды жетектеген Ющенко же Саакашвили болот деп чоочуладыбы? Ташкендик көз карандысыз социлог Баходир Мусаев бул суроолорго "ооба" деп жооп берет:

- Мындай кадрдык баш аламандыктар токтобогонунун максаты - адамдар өз турумдарын бекемдеп, президенттикинен бөлөк корпоративдик структура түзүүсүнө жол бербөө.

Садык Сафаевдин ордуна Өзбекстандын жаңы тышкы иштер министри болуп дайындалган Элер Ганиев буга чейин тышкы экономикалык байланыштар боюнча агенттикти жетектечү.

Социлог Баходир Мусаевдин пикиринде, президент Каримовдун өткөн аптада өкмөттө жасаган өзгөртүүлөрүнүн артында турган жалгыз жүйөө - президент өз бийлигин чыңдоого умтулганы. Ал эми кандай саясат жүргүзүлүш керектигин толугу менен президент өзү аныктагандыктан, тышкы иштер министринин кызматына ким келгенинин дээрлик мааниси жок:

- Мен Сафаевдин Ганиев менен алмаштырылышынан улам эми тышкы саясат өзгөрүп, Батышка эмес Орусияга ыктайт деп ойлобойм. Ганиев эмне орусиячыл көз карашы менен белгилүү беле? Андай эмес. Бизде жеке көз карашы президенттикинен айрымаланган саясатчылар жок.


Тышкы иштер министрлигине ким келбесин ал тышкы саясатты өзгөртчүдөй бийликке ээ эмес экенин "Эрк" оппозициячыл партиясынын сүргүндөгү лидери Мохаммед Салих да айтат:

- Садык Сафаев батышчыл болгон эмес. Ал бүткүл бир системанын гана бөлүгү. Элер Ганиев сыяктуу саясатчыларга салыштырганда Сафаев бир аз маданияттуу, көз карашы кеңири, дүйнөнү көргөн, тажрыйбасы бар адам. Айрымчылыгы ушул. Бирок Каримовдун режимине берилгендик жагын караганда, Сафаев да, Ганиев да бир эле топтон.

Орусиялык "Время новостей" гезити өзбек өкмөтүндөгү өзгөрүүлөрдү комментарийлеген макаласында, тышкы иштер министри алмаштырылышын өлкөнүн тышкы саясаты Орусияга багыт аларынын белгиси катары баалады. Гезиттин жазганына караганда, президент Каримов азыр анын Батыш менен кызматташуу жөнүндөгү "иллюзиялары" чачыраганын жашырбайт. Тышкы саясатта болсо алдыда экономикалык маселелер үстөмдүк кылмакчы. Батыштын өзгөчөлөнүп Орусия кызматташтыктын акысы үчүн Каримовдун демократиялык терең реформаларды жүргүзүүнү талап кылбайт.

Ташкендик социлог Бохадир Мусаевдин айтымында, прездент Каримов өкмөт курамында өзгөртүүлөрдү тез –тез жасаганынын дагы бир жүйөөсү - саясий кландар ортосундагы тең салмактуулукту сактоо. Маселен соңку өзөртүүлөрдүн аркасында тышкы иштер министри болгон Элер Ганиев, вице-премьерден, биринчи вице- премьердин кызматына көтөрүлгөн Рустам Азимов - Ташкент кланынын өкүлдөрү. Ал эми өлкөнүн юстиция министри болуп дайындалган, мурда Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеген Буритош Мустафаев Самарканд кланынын адамы.