Шайлоодо бармакка белги койчу сыя зыянсыз

БИШКЕК. Алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын сол колунун баш бармагына белги коюучу боектун адамга эч кандай зыяны жок. Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл салуу департаменти боекту атайын текшерүүдөн өткөргөндөн кийин мына ушундай бүтүмгө келди. Ал тууралуу 8-февралда Борбордук Шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Лабораториялык текшерүү боекто радиоактивдүү зат жок экендигин жана анын адамдын терисине эч кандай терс таасири жоктугун аныктады. Борбордук Шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка караганда, боек шайлоочунун добуш берүүгө негиз берчү документтеринин баары текшерилгенден кийин сүртүлөт. Шайлоочу ошондон кийин гана бюллетень алып, добушун берет. Ал эми шайлоочунун бармагы шайлоо участкасына кирип бараткан учурда текшерилет.