БИШКЕК. Кыргызстандын БШК төрагасынын “Акыйкатчы өкүлдөрүнүн шайлоого байкоочу катары катышуусуна мыйзам жол бербейт” деген пикири негизсиз. Мындай пикирин Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 7-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Акыйкатчынын айтымында, Башмыйзамга жана Акыйкатчы институту жөнүндөгү мыйзамга ылайык Кыргызстандын Акыйкатчысы өлкөдөгү эч бир мамлекеттик органга жана мамлекеттик кызматкерге көз каранды эмес. БШК төрагасы Сулайман Иманбаев 2-февралда Бишкекте шайлоого байланыштуу өткөрүлгөн конференцияда сүйлөгөн сөзүндө «Кыргызстан Акыйкатчысынын өкүлдөрүнүн парламенттик шайлоого байкоочу катары катышуусуна мыйзам жол бербейт» деп билдирген.