Ооганстанда кыйраган учакты издөө улантылууда

НАТОнун бейпилдик күчтөрү менен ооган полициясы бейшембиде кырсыкка учураган учакты издөөнү улантып жатышат. Тоолуу аймакта кулап түшкөн учактын 104 жүргүнчүсү тең каза болду деп болжолдонууда.

Тилекке каршы, аба ырайы абдан начар. Биз тоого чыга албай койдук. Журналисттер биз менен кошо барып, күбө болуп келишти. Аба ырайы жакшырат деп үмүттөнүп туралы. Андай болгондо, улуттук армиянын аскерлери дароо кырсык болгон жерге жиберилет, - деди Оогастандын коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү генерал Захир Азими.

Ооган президенти Хамид Карзай жана АКШнын Кабулдагы өкүлү Залмай Халилзад кырсыкка учурагандардын жакындарына көңүл айтышты. Жүргүнчүлөрдүн арасында 23 чет өлкөлүк киши бар болчу. Алар Америка, Түркия, Россия жана Ирандын жарандары.
Катуу бороондон улам, Герат-Кабул багытында бараткан учак менен байланыш үзүлүп калган.