Жаратылышты коргоо боюнча семинар өз ишин баштады

БИШКЕК. 6-февралда Бишкекте Кыргызстандын жаратылышынын келечеги жана аны коргоо талаптарынын аткарылышы жөнүндө семинар өз ишин баштады. Семинарда айлана- чөйрөнү коргоону натыйжалуу уюштуруу маселеси каралууда. Мамлекеттик жана көз карандсыз экология кызматерлери айлана чөйрөнү коргоо багытындагы жана анын абалын жакшыртууга байланыштуу иш чаралар менен таанышат. Аталган семинар Финландия өкмөтүнүн техникалык жардамынын алкагында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.