БАБУР ЖАНА АНЫН ДООРУ

Ар бир доордун өзүнө шайкеш өзгөчөлүгү болот эмеспи. Ошол доорго жараша мамлекет башкарган ишмерлер чыгат. Мына ушундай чыгаан инсандардын бири Захир ад-дин Мухаммад Бабур болгон. Анын бабалары монгол элинен башат алып, түп аталары айтылуу Амир Тимур болгон.
Бабурдун теги кадимки монгол урууларынан башталат. Ай- ааламга атагы тараган Чынгызхан монгол колун баштап, ошол убакыттагы тарых барактарындагы дүйнөнүн үчтөн бирин басып алган.

Чынгыз хандын көзү өткөндөн кийин Монгол мамлекети бөлүнүп, өкүмдардын мураскерлери өлкөнү өз алдынча ээликтерге ажыратып кетишкен. Алсак, Орто Азия аймагын Чынгыз хандын экинчи уулу Чагатай ээлеп, анын ысмы менен 14-кылымдын башталышындагы Чагатай мамлекети орнойт.

Жазма даректерге караганда, Закир ад-дин Мухаммад Бабур мусулман жыл эсеби боюнча 888-жылдын мухаррам айында, азыркы жыл эсеби боюнча 1483-жылдын февраль айында жарык дүйнөгө келген. Бабурдун түздөн-түз бабасы - кадимки Амир Тимур. Мусулман жазма маалыматтарына ылайык, Амир Тимурдун төрт баласы болгон. Алардын улуусу – Жахангир Гиясаддин-Пир-Мухаммад, экинчиси – Магазаддин Омар-шейх, үчүнчүсү – Имраншах Жахаддин, төртүнчүсү – Шахрух Магазаддин.

Амир Тимурдун үчүнчү баласы Имраншах Жахаддинден – Султанахмед, андан – Омаршейх, андан Бабур жарык дүйнөгө келген. Бабурдун көп кырдуу таланты анын кынтыксыз ата тегинен да билинет. Ал жалаң эле Тимур баласы эмес, айтылуу саясатчы, илимпоз Улугбек анын аталаш тууганы болгон.

Бабурдун балалык чагы Аксы менен Анжыян шаарларында өткөн. Эс тартып, эресеге жетилүүсү жалаң саясат эле эмес, акылын алга сүрөгөн илим-билимге аралаш жүрдү. Бабурдун атасы Омаршейх өз мезгили үчүн мыкты билим алган адам болгон. Замандаштарынын эскерүүсү боюнча, ал «Шахнамени» жана санжыра китептерди колунан түшүрбөй окучу экен.

Бабур да атасынын жолун жолдоп Омаршейхтин ордосунан мыкты билим алат. Омаршейх Анжыян шаарына билимдүү адамдар менен акындарды алдырып, баласы Бабурдун акыл дүйнөсүнө сүңгүп киришине жолдомо берген. Атасынын көзү өткөндө Бабур болгону 12 жашка толгон экен.

Ордо адамдары Бабурду жаш экенине карабастан Фергана өрөөнүнүн башчылыгына көтөрүшөт. Ошол убакта Фергана менен Самарканддын бийлик үчүн тирешүүсү күчөп, мындай кырдаал балтыр эти толо элек баладан иш билги изгиликти талап кылган. Ал үчүн Бабур «мен да бийлик эгесимин» деп чиренип туруп албастан, акыл калчап, ой токтотуп калган саясатчылардай Самарканд башкаруучусуна мындай деп кат жазат:

- Бу аймакка Сиздин кызматкериңиз коюлушу керек. Мен Сиздин кызматкериңиз да, балаңыздагымын. Эгер ушул кызматты мага ишенип тапшырсаңыз, анда бул азыркы кырдаал үчүн жеңил да, мыкты да чечим болмок.

12 жашаар баланын мындай акылына, саясатчылык жөндөмүнө айран таң калган Султан Ахмад мырза Фергана менен тынчтык келишим түзүп, чындыгы Бабурдун мындагы бийлигин таанып Самаркандга жөнөп кетет.

Замандаштарынын айтымында, Бабур өзүнө талапты ашыра койгон, акыл жана билимди жогору баалаган адам болгон. Айрыкча акылмандар менен маектешкенди сүйүп, алардын деңгээлине жетиш үчүн бекинип алып китеп окуп, баягы акылман менен кайрадан кездешчү экен. Бабур түрк жана перс тилдеринде эркин сүйлөй да, жаза да билген.