ЖАЛАЛАБАД. Жыйында баш бармака белги коюу эрежеси, ошондой эле шайлоочулардын, шайлоо комиссиялары менен талапкерлердин жана алардын ишенимдүү адамдардын милдет укуктары түшүндүрүлдү. Жергиликтүү кеңеш шайлоосундагы мыйзам бузууларды кайталабоо жана калк арасындагы бөлүнүп- жарылууларга жол бербөө үчүн шайлоо комиссиялары, талапкерлер, алардын командасы жана шайлоочулар тарабынан мыйзамдын бек сакталышы баса белгиленди.