БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Михаил Саакашвилиге өлкөнүн премьер-министри Зураб Жваниянын каза болгондугуна байланыштуу 4-февралда көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Ал көңүл айтуу катында премьер- министр Зураб Жваниянын күтүүсүздөн кайгылуу өлүмгө дуушар болгонун катуу кайгыруу менен кабыл алгандыгын жана анын өлүмүнө кайгырып турган Грузиянын эли менен бирге Кыргызстандын эли аза кайгысын тартып жаткандыгын билдирди.