“АСЛАН МАСХАДОВ КРЕМЛЬ МЕНЕН ЭЛДЕШҮҮГӨ НИЕТТЕНИП ЖАТАТ” ДЕГЕН МААЛЫМАТ ТАРАДЫ

Кубат Оторбаев, Прага Чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадов өзүнүн жактоочуларына Ичкериянын аймагында согуштук аракеттерди токтотууга чакырды деген маалымат тарады. Чечендердин интернет сайттарынын биринде айтылган ал кайрылууга караганда муну Масхадов чын ниети менен жасап жатат. Бирок Орусияны колдоого алган азыркы чечен өкмөтү бул маалыматты козголоңчулардын кезектеги оюну катары баалады.
Чечен козголоңчуларынын kavkazcenter.com интернет-сайтында айтылган маалыматка караганда Аслан Масхадов андай буйрукка 14-январда кол койгон. Анда Масхадов куралчандарга 22-февралга чейин Чеченстандын аймагындагы согуштук баардык аракеттерди токтотууга чакырат. Ошондой эле ал маалыматта Чеченстандын мурдагы президенти кан төгүүлөрдү токтотуу максатында Кремль менен сүйлөшүүлөрдү баштоого ниеттенип жатканы да айтылган.

Орусиянын адам укуктары боюнча “Мемориал” борборунун Ингушетиядагы өкүлү Сакман Акбулатов Чеченстанга байма-бай каттап турат. Анын пикиринде карапайым чечендер согуштан ушунчалык тажап бүтүшкөндүктөн алар тынчтык келе турган күндү көптөн бери тилеп келатышат:

- Бул согуштан баардыгы – Масхадов да, анын адамдары дагы, дегеле, жалпы чечендер тажап бүтүшкөн. Бул кандуу кармаштын Орусияга деле, даана билгеним карапайм орус элине такыр кереги жок

Акбулатовдун болжолунда балким алты жылга созулган кандуу калабадан эч нерсе чыкпаганына Аслан Масхадовдун да көзү жеткендир, же балким, жакын туугандарынын улам бири дайынсыз жок болуп жатканы аны ушундай чечим кабыл алууга түрткөндүр:

Мен так айталбайм, балким мындай билдирүү Аслан Масхадовдун тууган-туушкандарынын уурдалып, дайынсыз жок болуп жатышы менен байланыштуудур. Сиздер билсеңиздер керек – декабрь айында Масхадовдун туугандарынан 8 адам жоголду. Балким ушул көрүнүш аны ушундай чечим кабыл алууга түрткөндүр. Биз аныгын билбейбиз, болжоп айтканда ушундай, - дейт укук коргоочу.

Ушул аптада Чеченстандын башкы прокуратурасы адамдардын дайынсыз жок болуп жатышына байланыштуу иликтөө иштерин баштады. Ал эми Орусиядагы “Мемориал” борборунун болжолуна караганда Масхадовдун тууган-туушкандарын мурдагы президент, маркум Ахмат Кадыровдун уулу Рамзан Кадыров башында турган чечен полициясы уурдап атышы ыктымал. Москванын саясатын колдоого алган мурдагы президент Ахмат Кадыров былтыр май айында козголоңчулар койгон бомбага жарылып, каза тапкан.

NTV телеканалына 31-январда берген интервьюсунда Чеченстандын башкы прокурору Владимир Кравченко Ичкериянын аймагында жоголуп жаткандардын 10 проценти Орусиянын федералдык күчтөрүнүн мойнунда деп билдирген.

“Аслан Масхадовдун согуштук аракеттерди токтотуу боюнча буйругун Орусиянын аймагында соңку жылдарда бир катар террордук актыларды жасаган Шамил Басаев да колдоого алган” деп айтылат алги маалыматта. Мына ушул жагдай көп суроолорду жаратып жатат.

Анткени Басаев өткөн жылдын 1-сентябрында Бесландагы мектепти барымтада кармап, анын айынан 320дай адамдын, анын ичинде чырактай балдардын да өмүрү кыйылганда Аслан Масхадов бул окуяны айыптап чыккан. Ал бул үчүн Шамиль Басаев сөзсүз жазаланат деп да билдирген. Бирок кийин интернет-сайттар Масхадов менен Басаевдин бирге түшкөн бир нече сүрөттөрүн жарыялашкан болчу.

Анын үстүнө Улуу Британияда чыгуучу "Таймс" гезити ушул шейшембиде Басаев Бесландагыдай террордук актыларды мындан ары да уюштурууга ниеттенип жаткандыгын Басаевдин өзүнө шилтеме берип жазып чыкты.

Буга чейин чечен козголоңчулары менен сүйлөшүүлөрдүн кандай гана формасына болбосун макулдугун бербей келаткан Кремль kavkazcenter.com интернет-сайтында айтылган маалыматка ишенбей тургандыгын, анткени ал ырасмий булак болуп эсептелбестигин билдирди. Чеченстандын президенти Алу Алхановдун өкүлү болсо Алханов бул окуяны кезектеги оюн катары баалай тургандыгын айтты.

Москвадагы Эларалык мамилелер институтунун өкүлү, эксперт Кирил Коктуш орус бийлигинин Масхадов менен сүйлөшүүгө барышы эч убакта мүмкүн эмес деген пикирде:

Күч менен маселе чечүү системасы үчүн сүйлөшүүлөргө баруу жеңилип бергенге барабар. Путин дагы “Масхадовдун артында эч ким жок” деп дайыма кайталап келатат. Чындыгында 2-3 жылдан бери Масхадов жалпы Чеченстандын эмес, өзүнүн жана бир ууч гана жан-жөкөрлөрүнүн атынан сүйлөп калган.

Кирил Коктуштун кошумчалаганына караганда Путин эч убакта Масхадовдун деңгээлине түшүп, аны менен маселе талкуулагысы келбейт. Ошол себептен Чеченстандагы кан төгүү улана берет деп күтсө болот.