ЖОРЖ БУШТУН КАЙРЫЛУУСУНА КЫРГЫЗ КООМЧУЛУГУНУН ПИКИРЛЕРИ

АКШ президенти Жорж Буш 3-февраль күнү конгресстин алдында сүйлөп, «Мамлекеттин абалы тууралуу» кайрылуу жасады. Анда Жорж Буш АКШ мамлекетинин жүргүзүп жаткан саясаты, келечектеги иштери айтып келип, Америка дүйнөгө адилеттик орнотууга жардам бере тургандыгын билдирди. Президент Буш терроризмге колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Сирия менен Иранды күнөөлөдү.
АКШ президенти Жорж Буштун 3-февралда Конгресске жасаган кайрылуусу Кыргызстандын коомчулугунда түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдары Буш дүйнөгө демократия орнотом деген шылтоо менен башка мамлекеттерге басым жасап жатат дешсе, кээ бир маектештерибиз АКШ мамлекетинин жана анын президенти Жорж Буштун саясатын колдоорун айтышты.

АКШ президенти кайрылуусунун биринчи бөлүгүндө АКШнын ички саясаты жана экономикасы тууралуу кеп кылып, мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы жана азыркы социалдык камсыздоо системасындагы кризис жөнүндө айтып, пенсия системасын реформалоонун зарылдыгын билдирген.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин ою боюнча, АКШ акыркы жылдары согуштук күчтөрүнө көп каражат жумшап, өлкөнүн ички бюджетине зыян келтирүүдө:

- АКШнын федералдык бюджетиндеги акыркы жылдагы эле согуштук чыгымдары 380-400 миллиард доллардан ашып кетти. Ошонун баары пенсияны көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Америка мындан ары да өзүнүн чет өлкөлөргө болгон согуштук иштерин, кыймылдарын жана жардамдарын көбөйтсө, анда өлкөнүн бюджетине сөзсүз түрдө күч келет.

Мурунку элчи Мамбетжунус Абылов АКШнын авторитардык режимди кулатууга жасаган аракетин колдойт:

- Азыр бүт дүйнө боюнча АКШ авторитаризмдин режимдерине каршы болуп, демократиянын кепили АКШ гана болуп жатат.

Жорж Буш өз сөзүндө АКШ аскерлерин Ирактан качан алып чыгып кетери тууралуу сөз кылган эмес. Бирок террористтерге колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Сирия менен Иранды сындап, Ирандын бийлигин өзөктүк куралга ээ болууга аракеттенүүдө жана элинин эркиндигин чектеп жатат деп күнөөлөгөн. Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун ою боюнча, эгер АКШ Иранга Иракка жасагандай мамиле жасай турган болсо, анда чоң жаңылышат:

- АКШ өзүнүн саясатын Иранга каршы коюп, аны дагы Ирак сыяктуу тартипке келтирем деп ойлосо, анда алар чоң катачылык кетирет. Себеби Иран Ирак эмес. Эгер ошондой ишке бара турган болсо, америкалыктар Европанын да жана башка өлкөлөрдүн да колдоосуна жетпей, өздөрү жалгыз калуусу мүмкүн.

Ишенбай Абдуразаков АКШ Иракка өзөктүк курал бар деген шылтоо менен гана согуш ачкан деген пикирлерге кошулат:

- АКШ Израиль жана башка мамлекеттердин көкүтүүсү менен Иракта өзөктүк курал бар деп согуш ачкан. Бирок ал жок болуп калды. Бирок Америкада азыр нефть ресурстарын колго алуу үчүн абдан чоң аракеттер болуп жатпайбы. Себеби Буш өзү түштүк Америкадагы Техас жана башка мунайзат компанияларынын кызыкчылыгын көздөгөн киши. Бирок кызыкчылыкты көздөп, андай маселени чоң жаңжал менен чечкен эң чоң ката болот.

Бул пикирге журналист Мамат Сабыровдун ою каршы келет. Анын ою боюнча, АКШ Ирактан өзөктүк курал таппаганы менен Саддам Хусейндин тоталитардык бийлигин кулатып, Ирактагы адам укугунун корголушуна шарт түздү:

- Биз АКШны Иракка өз кызыкчылыгы үчүн согуш ачты деп айтканда, бир нерсени эске алышыбыз керек. Өзөктүк курал жок болгону менен ага чейин Иракта адам укугу кандай тебеленгендиги баарыбызга белгилүү болчу. Өзгөчө күрддөр менен шииттердин укуктары бузулуп, кыйынчылык тартканы чындык эмеспи. АКШ нын бардык мамлекеттерде демократия болсун, адам укугу сакталсын деп, ошого жардам берип, көмөк көрсөткөндүгү туура деп эсептейм.