Горидеги жардыруунун артында осетиндер турушу ыктымал

Грузиянын өкмөт башчысы Зураб Жвания кечээки жардыруу үчүн Түштүк Осетия жумуриятын айыптаганга шашылбоого чакырды.

Гори шаарындагы милиция участкасынын алдында болгон жардыруудан 3 милиционер мерт кетип, кеминде 13 киши жаракат алган.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким алган жок. Грузиянын ички иштер министри Вано Мерабишвилинин маалыматына караганда, кылмыштын артында осетин улутундагылардан куралган топ турушу мүмкүн.