Кубат Оторбаев, Прага 1-февралда Европа биримдиги менен Өзбекстандын өкүлдөрү Брюсселде жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Анын жүрүшүндө өзбек тышкы иштер министри Садык Сафаев ырасмий Ташкен өлүм жазасын колдонууну токтотуп, адам укуктарынын сакталышына көңүл бурууга ниеттенип жатканын билдирди. Буга чейин Өзбекстандын демократиялык өзгөрүүлөр жактан жетишкендиктери жупуну болгонуна карабай, Ташкендин мындай кадамы Европада жакшы бааланды. Ошентсе да өзбек тышкы иштер министри жолугушуу убагында ачуу сын-пикирлерди угууга аргасыз болду.
Шейшембиде Өзбекстандын тышкы иштер министри Садык Сафаев Брюсселде Европа биримдигинин өкүлдөрү менен жолугуп, ырасмий Ташкен өлүм жазасын колдонууну токтотуп, демократиялык реформаларды тездетип, адам укуктарынын сакталышына жакшылап көңүл бурат деп ишендирди. Евробиримдикке азыр төрагалык кылып жаткан Люксембургдун тышкы иштер министри Жейн Асселборн жолугушуудан кийин өзбек бийлигинин мындай убадаларына ыраазы болгонун айтты:
– Бүгүн эртең менен өзбек тышкы иштер министри Өзбекстан өлүм жазасын жоюуга ниеттенип жатканын кабарлады. Бирок ал үчүн бул мамлекетке бир аз убакыт талап кылынат экен. Бул демилге – Евробиримдик менен Орто Азия мамлекеттеринин ортосундагы алаканы чыңдоодогу маанилүү кадам. Мындай жыйынтыкка келгенибиз курсант боло турган көрүнүш.
Amnesty International уюмунун кечээ жакында тараткан маалыматына караганда өткөн жылы Өзбекстанда алтымышка жакын адам өлүм жазасына кесилген.
Люксембургдун тышкы иштер министри Жейн Асселборн Өзбекстан демократиялык өзгөрүүлөргө багыт алып, мыйзамдын улуктугун орнотууга аракет кылып жаткан шартта өлүм жазасынын керектигин буга чейин түшүнүү менен кабыл алып келишкенин белгилейт. “Эми адам укуктарын урматтоого убада берип жаткан Өзбекстанга Евробиримдик ар тараптан жардам берүүгө даяр”, - деди Жейн Асселборн:
– Биримдик биз берген жардам кыйноолорду токтотууга, алардын демократиялык мамлекетинде мыйзамдарга негизделген шайлоолордун өтүшүн камсыз кылууга багытталышын каалайт. Эгер биз Украинада, Палестинада жана жекшембиде Иракта болгон окуяларга көз чаптырсак, анда арап өлкөлөрүндө жана мурдагы Советтер Союзунун мамлекеттеринде, анын ичинде Өзбекстанда дагы, демократиянын тамыры барган сайын тереңдеп баратканын байкайбыз.
Жолугушууда Өзбекстандын өкүлү мактоого караганда сынды көп укканы да жаап-жашырылган жок. Атап айтканда Евробиримдиктин чиновниктери Өзбекстанда адам укуктары тепселип, абакта жаткандарга адам чыдагыс кыйноолор көрсөтүлүп жатканын ачык айтышты.
Мындан тышкары Садык Сафаев өткөн жылы Өзбекстанда болгон парламенттик шайлоо эларалык талаптарга эч бир жагынан жооп бербей, бийликтин каалоосун гана камсыз кылганы үчүн да ачуу сөздөрдү угууга аргасыз болду. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ошондо эле оппозициянын бир да өкүлү катыштырылбай, формалдуу өткөн ал шайлоону сынга алган эле.
Брюсселдеги кездешүүдөн кийин Өзбекстандын тышкы иштер министри декабрда болгон ал добуш берүүнү баары бир чоң жылыш катары баалай тургандыгын билдирди:
– Ар бир шайлоо округунан атсалышкан беш-алты талапкердин арасынан парламентке өзбектердин бир гана өкүлдү тандаганы тарыхта биринчи жолу болуп отурат. Бул алга карай көз көрүнөө жылыш. Шайлоого жарандык коомдун өкүлдөрү катары үч миңдей өкмөттүк эмес уюмдар байкоо жүргүзүштү. Беш жыл мурда муну элестетүүгө мүмкүн эмес эле. Анан дагы “Фридом хауз” уюму баштаган эларалык уюмдар биздин өкүлдөр менен бирге абактарда адам укуктары кандай сакталып жатканына мониторинг жүргүзө алышат.
Евробиримдиктин өкүлдөрү жолугушуудан кийин журналисттерге Өзбекстанда ислам фундаменталисттеринин коркунучу күн санап күчөп баратканы тууралуу да айтышты.
Садык Сафаев Евробиримдиктин өкүлдөрүнө Өзбекстанды биримдиктин “Чегарадагы ысык коңшулук” деп аталган программасына мүчөлүккө кошууну өтүнгөн, бирок Ташкендин бул сунушу четке кагылды.
“Чегарадагы ысык коңшулук” программасынын алкагында Европа өлкөлөрү биримдикке кирбеген мамлекеттерге ар тараптан колдоо көрсөтөт. Ошентсе да Брюссель Өзбекстанды Борбор Азиядагы маанилүү өнөгү катары баалай тургандыгын билдирди. Өлкөнүн Орусия, Кытай жана Ооганстан менен жакын жайгашканы ырасмий Ташкенге жакшы артыкчылыктарды тартуулайт.