ПУТИН МЕНЕН АКАЕВ, “КЕЛ-КЕЛ” КЫЙМЫЛЫ, 65 ЖЫЛ ФРУНЗЕ АТАЛГАН БИШКЕК

2- февралдагы “ Республика” басылмасы президенттер Владимир Путин менен Аскар Акаевдин жолугушуусунан кийинки ой- пикирлерди талдоого алган макалага орун берди. “Трибуна” гезити парламенттик шайлоо,саясый кырдаал тууралуу пикирлерди жарыялады.
2- февралдагы “Республика ” гезитинде саясый баяндамачы Алымбек Биялиновдун “Путин Акаевди колдой алабы? деген макаласы жарык көрдү. Бул макалада Орусияга расмий сапар жасап, президент Владимир Путин менен жолугуп кайткан Аскар Акаевдин бул жүрүшү акыркы далбастоосу болуп, үмүтү акталбай кала турган катары талдоого алынат. “ Украинадагы президенттик шайлоодон кийин Владимир Путиндин саясатта “оозу күйүп, айранды үйлөп ичип” калды. Эми ар бир кадамын 100 өлчөп, абайлап жасайт.

“Өкмөт башчы Виктор Януковичти колдоого алган себебиз, Украинанын ошол учурдагы президенти Леонид Кучманын өтүнүчү боюнча болгон.” деп актанып, кутулган. Учурда Орусиянын Борбор Азиядагы таасири да солгундап баратат. Себеби, бул аймакка АКШ, Кытай өлкөлөрү да таасирин күчөтүүдө. Кыргызстан- ушундай үч дөөнү кызыктырып турган Борбор Азиянын ачкычындай болуп турат. Быйыл жайында Кыргызстанга расмий сапар менен келсе Владимир Путин мырза “эски досу” менен кош айтышып, анын “тагдырынын эли чечсин” деп четке чыга берчүдөй. Себеби, Орусиянын мамлекет башчысы Аскар Акаевдин бийлигин ачык колдой албайт, ага мүмкүнчүлүгү да жетпейт. Кырдаал ага жол бербейт.” деп Алымбек Биялинов “Республика” гезитинде талдоого алган. Ошондой эле Украинада тартип коргоочулар бийликти колдобой ыңкылапчылар тарапка өтүп кетиши, абалды курчутпай, бейкуттуктун сакталышына кепил болгонун баяндаган макала да чыкты.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин башкы редактор Замира Сыдыкова мындайча айтып берди.

- “Алдыдагы шайлоо калыстык, акыйкат өтөбү?” деген суроого экс- министр Муратбек Иманалиев жооп берген. Ошондой эле учурдагы геосаясат тууралуу да пикирин билдирип, президент Аскар Акаев бирде Орусияга, бирде АКШга, кийинки учурда Кытайга ыктай башташы тууралуу өз ойлорун ортого салды. “Кел- кел” деген жаштардын жаңы кыймылы түзүлгөн. Аларга каршы ушундай аталыш менен Ак үй да жаштар кыймылын жаратып, элдин башын айландыра баштады. Биз чыныгы “Кел-кел” кыймылын окурмандарга тааныштырып, жаштарга мүмкүнчүлүк түздүк.

2-февралдагы “Трибуна” гезити Орусиянын телеканалдарынан күндүзү чыгып жаткан аймактык телеберүүлөрдү 1- февралдан 1- мартка чейин токтотуу тууралуу Кыргыз телерадиокорпорациясынын жетекчилеринин чечимин жарыялады.
Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин баш редактор Ырысбек Өмүрзаков мындайча айтып берди.

- Журналист Дмитрий Орловдун “Колунан бир нерсе келген саясатчылар керек” деген макаласында учурдагы саясый абал, бийлик жана оппозициянын деңгээли, алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу кеп болот. Ошондой эле өлкөдөгү адам укугун коргоонун ал- абалы тууралуу да иликтөө жүргүзөт. Экономика илимдеринин кандидаты Юрий Грибенников “Африкадан келген адам биздин турмуш жөнүндө кандай ойдо?” деп суроо коюп, ой бөлүшөт.

1- февралдагы “МСН” басылмасы Орусияга жумушчу сапар жасап, президент Владимир Путин менен жолугуп кайткан Аскар Акаевдин “Независимая газетага” берген маегин толугу менен кайра жарыялады. “МСН” гезитинин кабарчысы Лариса Ли Украинанын Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Александр Балдынюктун билдирүүсүн чечмелеп, президент болуп шайланган Виктор Ющенкону негизсиз сындоого болбостугун, премьер- министрдин милдетин аткаруучу Юлия Тимошенкону Интерпол эч качан издебегенин, ал жөнүндө айтылгандар ушак экендигин айтканын баяндады. Ошондой эле ушул басылманын баяндамачысы Рина Приживойт “өлкөдөгү саясый кырдаал, 5 жыл мурдакы шайлоонун сабактарына токтолуп, жакында болчу парламенттик шайлоодо бийлик өкүлдөрү өз балдарын, жакындарын өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүп, шайлоо адилет өтөөрүнөн күмөн” экендигин маалымдаган.

1- февралдагы “Вечерний Бишкек” басылмасы АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын жардамчысы Лора Кеннеди Кыргызстанга келип, президент Аскар Акаевдин кабыл алуусунда болгону тууралуу маалымдады. Ушул басылманын кабарчысы Элвира Темирдин билдиргенине караганда өлкөнүн тартип коргоо кызматы парламенттик шайлоо учурунда коопсуздукту сактоого даяр, ал үчүн Ички иштер министрлиги атайын штаб түзүп, атайын машыгууларды өткөрүшкөн. Бишкек шаары 65 жыл аскер башчы Михаил Фрунзенин ысымын алып жүргөнүн, анын өмүр- таржымалын, табышмактуу өлүмүнүн сырын журналист Александр Тузов “Вечерний Бишкек” гезитинде баяндады.

1- февралдагы “Слово Кыргызстана” басылмасында кабарчы Евгений Марченко президент Аскар Акаевдин Нарын жана Ысыккөл облустарында болушу, бул аймактарда учурда социалдык- экономикалык өнүгүүдө чукул бурулуш башталып, өнөр жай, айыл чарбасы жана туризм тармагы тездик менен өнүгө баштаганын, элдин жашоо деңгээли жогорулаганын, Ысыккөлгө чет өлкөлүк туристтердин көп келе башташы Кыргызстанды дүйнөгө таанытканын президент Аскар Акаев айтканы тууралуу баяндады. Ушул гезит 5- февралдагы Кыргызстан элинин 5- курултайы өлкөдө тынчтыкка жана бейкуттука данакер болоорун жарыя кылды.