Жогорку сот элчинин шайлоого катышуусуна уруксат берген жок

БИШКЕК. Жогорку сот Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун арызын 31-январда карап, аны шайлоого катыштырбоо тууралуу буга чейинки шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.
18-январда №22 Каракөл-Ташкөмүр округдук шайлоо комиссиясы Шайлоо кодексинин 69-беренесине таянып, Мамбетжунус Абыловду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тарткан. Андан көп өтпөй Каракөл шаардык соту да ушундай эле мазмундагы чечим кабыл алган. Кыргызстандын аткаруу бийлиги шайлоо кодексинин 69-беренесине таянып, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилери Роза Отунбаева, Мамбетжунус Абылов, Үсөн Сыдыков жана Медеткан Шеримкуловдун парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат бербей келет. Аткаруу бийлик өкүлдөрү элчилердин шайлоого катыштырылбай калышын Шайлоо кодексине байланыштырып түшүндүрөт.