Индонезия өкмөтү жана ачехтик козголоңчулардын алгачкы сүйлөшүүсү аяктады

Хельсинкиде Индонезия өкмөтү менен ачехтик жикчилердин жетекчилигинин 30 жылдан бери келаткан урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүсү аяктады.

Финляндиянын мурдакы президенти Мартти Ахтисаари сүйлөшүүдө:


–Эки жак социалдык-экономикалык өнүгүү жана кайра куруу, коопсуздук, козголоңчу аскерлерди куралсыздандырып жумуш менен камсыздоо, аларга мунапыс берүү, чукул жардам жеткирүү, партияларды, шайлоону, сот органдарын жана адам укугун коргоочу уюмдарды каржылоо маселесин талкуулашты.

26-декабрда болгон топон суу Ачех провинциясында 200 миңдей адамдын өмүрүн жуткан.

Ахтисаари сүйлөшүүнүн экинчи айлампасын Финландияда өткөрүүнү сунуш кылды.