БИШКЕК. 31-январдан 2-февралга чейин Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жана Кыргызстанда аккредитацияланган эл аралык уюмдардын дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрү сапарда болушат. Алардын максаты алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык жана өлкөнүн саясий-социалдык абалы менен таанышуу. Өкмөттүн басма сөз кызматынан 29-январда алынган маалыматка караганда, 28 элчиден турган делегация президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы,Тышкы иштер,Юстиция министрлери менен жолугушуп, Чүй облусунун аймагындагы округдук комиссиялардын даярдыгы менен таанышат. Андан тышкары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен да баар алышат.