БҮГҮНКҮ ӨСПҮРҮМДӨР ХОЛОКОСТ ЖӨНҮНДӨ БИЛИШЕБИ?

Мындан 60 жыл илгери советтик армия Польшадагы Освенцим лагерин бошоткон. Нацистердин эң ири концентрациялык лагери фашисттик ыраймысздыктын символуна айланып калган. Экинчи дүйнөлүк согушта 6 миллионго жакын жөөт жок кылынган. Алардын бир миллиондон ашууну Освенцимдин газ камераларында кырылып салган. Жөөттөрдү тукум курут кылуу Холокост деп аталып калган. Тарыхчылар Холокосттун кайталанбашы үчүн жаш муунга анын сабактарын үйрөтүш керек деп эскертишет. Бүгүнкү мектеп окуучулар 60 жыл мурун болгон окуялар жөнүндө эмнени билишет?
Кабарчыбыз Жэреми Бранстен Минскинин көчөлөрүндөгү балдарга “Освенцим эмне экенин билесиңерби?” деген суроо менен кайрылган. Бир өспүрүм кыз мындай дейт :

- Освенцим – бул туяктуу жаныбар болушу керек.

Жанындагы жолдош кызынын жообу чындыкка бир аз жакын болду:

- Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы лагерь. Ал жерде адамдарды өрттөшчү.

Үчүнчүсү болсо: “Мектептен окусак, сизге көбүрөк айтып берет элек”, - деген жообун узатты.

Беларусь - бир эле мисал.

1944-жылы “геноцид” деп нацистердин жөөттөрдү, сыгандарды жана башка этникалык топторду тукум курут кылуу саясаты аталган. 4 жылдан кийин БУУнун “Геноцидке каршы конвенциясында” бул аныктама расмий бекитилген. Көпкө чейин Советтер Союзунда Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун бардыгы советтик элдер болчу деп айтылып жүрдү. Холокост жөнүндө учкай эле баяндалчу. Азыр болсо мурдагы советтик жумурияттардын айрымдарында Холокост тарых сабагында милдеттү түрдө окутулат.

Бирок, - дейт алматылык мугалим Амина Тортаева, - тема боюнча керектүү окуу материалдары тартыш, окуучулардын кызыгуусу да чоң деп айтуу кыйын.

Анын окуучулары да Минскилик балдардан алыс кеткен жок:

Бир кездери геноцидди өз башынан кечирген Армениянын жаштары деле Холокост жөнүндө дурус айтып бере алышпайт.

Еревандагы кабарчыбыз жаштар Холокост жөнүндө эмнени билишет деген суроого кызыккан эле:

- Холокост Гитлердин ойлоп тапканы. Анда бир жарым миллион киши ажал тапкан. Жөөттөр Германияда жакшы жашашчу. Ошон үчүн Гитлер аларды кырып туруп, мүлкүн тартып алган, - дейт еревандык студент.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Чыгыш Европанын мектептеринде да Холокост тууралуу чектелген эле маалымат берилип келген. Аман калгандар лагердеги күндөрүн, фашисттердин ыраймсыздыгын тезирээк унутууга аракет кылышчу. Элдин дагы бир бөлүгү болсо нацистер менен кызматташып келгендиги үчүн, согуш өтө сезимтал темага айланып, толук талкууланчу эмес.

Салыштырмалуу жакындан тарта эле чыгыш европалык мектеп окуучуларга Холокост жөнүндө кеңири окутула баштады. Германиянын мектептериндеги программа эң мыкты деп эсептелет. Окуучулар тарых сабактарынан тышкары, мурдагы концлагерлерге барып, аман калган туткундар менен маектеше алышат.

Хана Мошенска Германиялык жөөттөрдүн тарыхын изилдөө борборунун кызматкери. Анын пикиринде, нацисттик лагерьдин кыяматы эмне экенин өз башынан кечирген адамдар менен жолугушуулар балдарга чоң таасир этет дейт:

- Аман калгандардын айтып бергендери жаштарга ошол кездеги окуяларды аңдап-түшүнүүгө жакшы жардам берет. Бирок жыл өткөн сайын мурдагы туткундар карып баратат. Көпчүлүгү элдин алдында сүйөлөй албай калышты. Алар менен жолукканда балдар өзүнүн чоң-ата чоң-энелери менен сүйлөшкөндөй болушат. Анын үстүнө ошол кемпир чалдар өспүрүм чагын лагерлерде өткөрүшкөн. Бул балдарга абдан чоң таасир тийгизет.

Тарыхчылар Экинчи дүйнөлүк согуштун, геноцид кыяматынын кайталанбашы үчүн азыркы балдарга Холокост жөнүндө көбүрөөк айтып, анын себебтерин түшүндүрүш керек деп эскертишет.

Баса, Гитлер 1939-жылы өз аскерлерин Польшага жиберип жатып, аёосуз болууга буйрук берген. “Армяндардын кырылып жок кылынганын бүгүн ким эстейт?” - дептир фюрер.