Түркмөн президентинин ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Түркмөн президенти Сапармурад Ниязовдун жаңы китеби жарык көрдү, ал тууралуу президенттин басма сөз кызматы кечээ күнү жарыялады. Жаңы китепке Түркмөнбашынын ырлары жыйналган жана басма сөз кызматынын айтымында, китептин ар бир барагы, ырлардын ар бир сабы улуу сезим менен чексиз махаббатка толгон. Ниязовдун мурда чыккан эки томдук "Рухнама" китеби мектеп менен институттарда милдеттүү түрдө окутулат.