Бишкек-Ош жолу жабылат

БИШКЕК. 30-январда Ош-Бишкек жолундагы унаа каттамы 2-февралга чейин токтотулат. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинен маалымдашты. Министрликтин атуулдук коргонуу башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Камчыбековдун билдиргенине караганда, 30-январь күнү Ош-Бишкек жолу эрте мененки саат 8.30 дан тартып түндүк жана түштүк тарабынан тең жабылат. Бишкек-Ош жолу жабылган күндөрү кар көчкүнү атайлап көчүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул иштер Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлиги, транспорт жана коммуникация, коргоо министрликтеринин атайын кызматтары тарабынан жүргүзүлөт.