АКШнын элчилиги чек ара кызматына гуманитардык жардам көрсөттү

БИШКЕК. 28-январда өлкөнүн чекара кызматына АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан гуманитардык жүк өткөрүлуп берилди. Бул иш чарага Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг, чек ара кызматынын жетекчилиги катышты. Чек ара кызматына 1 млн 300 миң сомдук атайын техникалык каржаттар жана 20 «Камаз» маркасындагы автомашина тапшырылды. Кыргызстанга бул гуманитардык жардам «Экспорттук көзөмөл жана чекаралардын коопсуздугу» деген аталыштагы Программанын алкагында көрсөтүлдү. Чекара кызматынын төрагасы Калмурат Садиев маалымдагандай, АКШ тарабынан берилген гуманитардык жардам жакын арада өлкөнүн чекара бекеттерине жиберилет.