Польшада Освенцимдун курмандыктарын эскеришти

Экинчи Дүйнөлүк согуштун мезгилинде Польшадагы Освенцим концлагеринде миллиондон ашык киши, негизинен жөөттөр нацисттердин колунан ажал тапкан.

Польшанын маданият министри Валдемар Дабровски эскерүү жыйынын бул сөздөр менен ачты:

- Биз дүйнөдөгү эң зор көрүстөндө турабыз, мында казылган көр жок, эстелик таш жок, бирок 1 жарым миллион кишинин сөпөт болгон сөөгү жатат.

Аман калгандар концлагердеги ачарчылыкты, адам баласы чыдагыс шартта жашаганын айтып беришти.

Катышуучулардын арасында Польшанын президенти Александр Квасниевский, Германиянын, Орусиянын, Франциянын, Украинанын президенттери, АКШнын вице-президенти Дик Чейни болду.