ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ: “КОНДОЛИЗА РАЙС БОРБОР АЗИЯГА, ӨЗГӨЧӨ КЫРГЫЗСТАНГА КӨҢҮЛ БУРАТ ДЕП ОЙЛОЙМ”

- Саламатсызбы Топчуке, кутман таңыңыз менен! Таң эртелеп “Азаттык” радиосунан тынчыңызды алып атабыз. Топчуке, кабарыңыз болсо керек, кечээ АКШнын сенаты мамлекеттик катчылыкка көрсөтүлгөн Кондолиза Райстын талапкерлигин бекитти. Ушул окуя боюнча сиздин пикириңизди билели дедик эле.
- Кондолиза Райс АКШга эле эмес, бутун дүйнөгө таанымал, дүйнөлүк жогорку деңгээлдеги саясатчы. АКШнын Сенаты аны шашпай, бардык маселелер боюнча сурап, анан бекиткени жакшы болду. Себеби алдыдагы 5-10 жыл аралыгында АКШда эле эмес, дүйнөдө да чоң окуялар болгону турат. Дүйнөлүк коомчулук эл аралык террорчулук менен, дүйнөдөгү эң бир коркунучтуу диктатуралык режимдер менен күрөшүп, дегеле адамзат табияттын ар кандай коркунучунан гана эмес, өзөктүк курал, экстремисттик, террористтик жана антидемократиялык коркунучтардан арылуу үчүн эң оболу улуу өлкөлөр, анын ичинде АКШ катуу аракет кылышы керек. Американын мамлекеттик катчысы болуп, дүйнөнүн, төгөрөктүн төрт бурчун абдан жакшы билген, илимий деңгээлде да, практика жүзүндө да ишти абдан жакшы билген адамдын бекитилгени жакшы болду.

- Сиздин оюңузча Кондолиза Райстын мамлекеттик катчылыкка келиши Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы демократия жараянына кандай таасир тийгизет?

- Кондолиза Райсты Америкада жакшы көрүшүп Конди деп гана атап коюшат экен. Борбор Азия дүйнөдөгү эң бир опурталдуу, “жарылып кетүүчү” региондордун бири. Борбор Азия бүгүн орто кылымдагы феодалдык түзүлүш сыяктуу хан-президенттер, диктатура, авторитардык режимдер үстөмдүк кылып турган, бирок каканактап, жарылуучу абалга жетип калган аймак. Ошондуктан АКШ президенти Буш мырза, анын оң колу болгон Кондолиза Райс айым Борбор Азияга, өзгөчө Кыргызстанга көңүл бурат деп ойлойм. Себеби Кыргызстанда эртең-бүрсүгүнү бийлик алмашып, адилеттүү жолго түшсө анда Кыргызстандын үлгүсү айлана-тегеректеги бизден дагы жаман диктатурага малынып калган өлкөлөргө абдан жакшы таасирин тийгизет.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Акаевдин “мен бийликтен кетем, 2005-жылдагы шайлоого барбайм” деген сөзүн кайталап койгону үчүн эле өкмөттүк гезиттердин баары ага акыркы эки айдан бери чабуул коюп атат, коркконго кош көрүнөт дегендей.
АКШ бүтүн дүйнөгө, Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга демократиялык багытта өз салымын кошот. Ички иштерибизге кийлигишпей туруп эле, эл аралык эрежелерге , нормаларга таянып бизге жардам көрсөтөт, жок дегенде моралдык жардам көрсөтөт деген ойдомун. Бул жагынан алганда да Кондолиза Райстын мамлекеттик катчылыкка бекитилиши биз үчүн абдан маанилүү.

- Рахмат сизге.

Маектешкен Шайырбек ЭРКИН уулу