УКРАИНАДА ӨТКӨН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ТААСИРИ

Муса Мураталиев, Москва. Москвалык анализчилер айтканга караганда, Украинада лидерди тандоонун таасири орусиялыктарга өзгөчө сабак болгон. Биринчиден “админстративдик ресурстун” да чеги болору айгинеленди. Экинчиден добуш бергендер ташын азайтып же көбөйтүп жазуунун акыры келип андай системаны ичинен жарып саларын айгинеледи дешет.
Киевде шайлоо өтүп атканда Кремль колдоого алган Янукович жакында Путинге кайрылуу жасап, 2006- жылы өткөнү жаткан парламентти шайлоодо колдоо керек деп өтүндү деди кечөө «Эхо Москвы» үналгысы. Ошондон улам анализчилер арасында бул тема кызуу талкуу жүргүздү. Кызык жери, кеп арасында, азыркы орусиялык жетекчилик дегеле оппозицияда турган тарапка кол бербешин тактап кетишти. А Мамдуманын депутаты Владимир Мединский айтканга караганда түбү жүрүп:

(Украинанын – ММ) Чыгышы менен Түштүк чыгышынын лидери Янукович болот, - дейт.

Анын каршысында анализчи Андрей Пионтковский:

2006 жылы (өтчү шайлоодо – ММ) оппозицияга лидер болгудай Януковичте эч кандай жышана сапат жок жана ал эч кандай саясий ишмер эмес, - дейт.

Ал эми жаңы шайланган президенттин алдында оор маслеттер турганын туш-туштан айтышууда. Бийлик партиясы атанган «Бирдиктүү Орусия» мүчөсү Владимир Мединский пикири боюнча, маселен:

Ющенкого эми мамлекеттин калыптанышына байланыштуу абдан оор маслеттер менен кагылышууга туура келет. Ал (бул күүдөрү-ММ) эл алдында кыйла эске алырлык убада берди. Адилеттүү сот системасын орнотуу, ишкердүүлүктү саясаттан ажыратуу жана башкалар. Аларды турмушка ашыруу оңой болбойт, - деди.

Украинада өткөн президентти шайлоодо Москванын үйрүлүп түшүп арачы болушун Карнеги борборунун анализчиси Лилия Щевцова мындайча түшүндүрөт:

Украинадагы бул окуялар мурдагы советтик мейкиндикте Орусия өзүнүн баягы эле империялык саясатын жүргүзүп атканын билдирип салды, - дейт.

Орусия менен Украина көптөгөн себептерден улам бирин бири чана албайт деп жазышат гезиттер да. Азыркы тушта беш жүз миңден бир миллионго чукул украиндик атуулдар Орусияда өздөрү келип эмгек этишүүдө. Алар кетип калса анда алардын ордун Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандан ооп келип аткандар ээлейт. Бирок орустар «славяндык боордошторун» кийинкилерге алмашууну каалашпайт деп жазышууда.