Нарын АЙЫП, Прага Өткөн аптада Париж шаарында биотүркүм боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Ага чогулган адистер Жер шарындагы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрү жоголуп баратканы тууралуу тынчсыздануусун билдирип, маселе боюнча өзүнчө комитет түзүүнү сунуштады жана Франция президети ага колдоо көрсөттү. Анткен менен кээ бир эксперттер бул конференцияны жаратылышка чыныгы пайда бере албаган кезектеги жыйын деп баалады.
Конференцияны Франция өкмөтү менен ЮНЕСКО биргелешип өткөрдү, ага ар башка өлкөлөрдөн келген 1200 адис катышты. Эксперттердин айтымында, ар жыл сайын дүйнөдө жок болуп кетип жаткан жаныбар же өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн саны 25 миңден 50 миңге чейин болушу мүмкүн, бирок так санды эч ким билбейт, анткени планетада канча түрлүү жандык же өсүмдүк бар экени да так белгисиз. Кээ бир болжолдор боюнча, Жер жүзүндө 30 миллионго жакын түрлүү жаныбар жана өсүмдүк бар, окумуштуулар болсо алардын эки миллионуна жакынын гана каттоого алган, ошондуктан алардын канчасы жок болуп жатканын санап-билүүгө илим караандай да элек.
Анткен менен адам жашаган аймактардагы жаныбарлардын саны жыл өткөн сайын азайып, алардын кээ бирлери түр катары жок болуп жатканы баарыга белгилүү. 1992-жылы Биотүркүм боюнча эл аралык конвенция кабыл алынган жана ага андан бери 170 мамлекет кол койду. 2002-жылы болсо Йоханнесбург шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк форумда Жер жүзүндөгү биотүркүмдүн кыскарып баратканын 2010-жылга чейин эки эсеге азайтуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Бул жагынан алганда, биотүркүмдү сактоого багытталган аракеттер - атмосферанын жалпы жылып баратканы менен болуп жаткан күрөшкө окшош, бирок аба ырайынын коргоочулары акыркы жылдарда бир топ жеңишке жетип, Киото протоколун түзүп, мамлекет башчыларын чечкиндүү чара көрүүгө милдеттендирүүдө. Жаныбарларды коргогондор болсо андай жалпы бир милдеттүү документ түзүүгө жетише элек.
Париждеги конференцияда сүйлөгөн ЮНЕСКОнун Экология бөлүмүнүн деректири Натаражан Ишварандын айтымында, негизги маселе - илимпоздор менен саясатчылардын аракеттерин айкалыштырууда жатат: "Биотүркүм боюнча көптөгөн изилдөөлөр өткөрүлүп жана маалымат чогулганына карабай, саясатчылар менен өкмөттөр үчүн аларды туура пайдаланууга шарт түзүлүп, анын механизмдери иштелип чыга элек. Ошондуктан конференциянын максаты - андай үзгүлтүктү толтуруп, саясатчылар менен илимпоздордун, бейөкмөт уюмдар менен Бириккен Улуттардын түзүлүштөрүнүн аракеттерин бириктирүүдө жатат".
Конференцияда атайын эл аралык эксперттер комитетин түзүп, анын негизги максаты катары дүйнө мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргелешип иш алып баруу деп аныкталсын деген чечим кабыл алынды. Аны дароо Франция президенти Жак Ширак колдоого алды.
Бирок Парижде өткөн жыйынды жалпысынан жактаганы менен, кээ бир экологдор ал жөн гана кезектеги жыйын болгонун айтууда. "Гринпис" уюмунун өкүлү Илланга Итоунанын айтымында, улам жаңы жыйын өткөргөндөндөн көп пайда чыкпайт, чечкиндүү чара көргөнгө убакыт жетти: "Кризис күчөп баратат, ошондуктан талкуудан мурда чыныгы аракеттер көрүлүүгө тийиш. Албетте, канчалык көп изилдөө өткөрүлсө, ошончолук жакшы, бирок азыр жеринде биргелешкен аракет көрүүгө мезгил жетти. Парижге эксперттер чогулуп, маселени талкуулаганын жалпысынан колдош керек, бирок ошол эле Франция 1992-жылы кабыл алынган конвенцияны толук аткарууга кирише элек".
Дүйнөдө болсо азыркы учурда канаттуулардын ар бир он түрүнүн бири жана сүт эмүүчүлөрдүн ар төрт түрүнүн бири жок болуп кетүү коркунучунда.