НАТО Ооганстандагы бейпилдик аскерлерин көбөйтө турганын билдирди

КАБУЛ. НАТО баштаган бейпилдик асекерлери парламенттик шайлоо алдында Ооганстанда тынчтык аскерлердин санын көбөйтө турганын билдирди. Франциялык генерал Жан-Люи Пи аскерлердин санын көбөйтүү үчүн шайлоонун так датасын гана билүү керек экенин белгилейт. Өткөн октябрда президенттик шайлоонун алдында НАТО Ооганстандагы аскерлерин 2000 солдатка көбөйткөн. Алгач 2004-жылдын апрель айына пландаштырылган парламенттик шайлоо логистикалык проблемалардан улам эки жолу кийинкиге калтырылып, эң акыркы жолу 2005-жылдын апрель айына белгиленди.