Жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштайт

БИШКЕК. Кыргызстандын атуулдарына 2004-жылдын 31-декабрына чейин чыгарылган үлгүдөгү жаңы паспорттор бериле баштайт. Анын баасы 165 сом болот жана бир жылдык мөөнөткө берилет. Өткөн жылдын аягында даярдалган 140 миңге жакын жаңы паспорттун үлгүсүндө мамлекеттик гербтин сүрөтү бузулуп басылган. Ал эми мындан ары даярдала турган жаңы паспорттор 10 жылдык мөөнөткө берилет. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү атайын токтомдорду кабылгандыгы жөнүндө 26-январда премьер-министрдин маалымат кызматынан билдиришти.