АКШ президенти Ирак менен Ооганстандагы аракеттерге кошумча $80 млрд сурап жатат.

АКШ президенти Жорж Буш бүгүн Конгресстен - Ирак менен Ооганстандагы аскерий аракеттер үчүн кошумча 80 миллиард доллар сурайт. Өткөн жылдын аягында 2005-жыл үчүн 25 миллиард доллар берилген жана жаңы акча бөлүнсө, Ирак менен Ооганстандагы согуштар үчүн АКШ бардыгы болуп 280 миллиард доллар сарптаган болот.