Улуу Британия шайлоонун адилет өтүүсүнө кызыкдар

БИШКЕК. «2005-жыл Кыргызстан үчүн шайлоолорду демократиялуу өткөрүп, бийликти мыйзам чегинде тынч алмаштыруу боюнча региондо үлгү көрсөтө турган жыл»,-деп, Улуу Британиянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Жеймс Шарп 25-январда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, мындай ойго президент Аскар Акаевдин кезектеги президенттик шайлоого катышпайм деп айткан убадалары негиз берет. Улуу Британия ушундан улам Кыргызстанда шайлоону демократиялуу өткөрүү багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 92 миң долларлык жардам көрсөттү. Акыркы эки жылда адам укуктарын коргоо, сөз эркиндигин өркүндөтүү жана демократияны калыптандыруу аракеттери үчүн 450 миң доллар берди. Улуу Британиянын элчисинин айтымында, бул өлкөнүн Эл аралык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын өнөр жайын өркүндөтүү долбоорун ишке ашыруу үчүн жылына 7 миллион доллар грант берип жатат. Эгер долбоор өз максатына жетсе мындан ары каражаттын көлөмүн эки эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн,-деди элчи Жеймс Шарп.