ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛДӨРҮ СОТ ЖООБУНА ТАРТЫЛУУДА

Азиза Турдуева, Бишкек 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге каршы ачылган административдик иш карала баштады.
Сот жараяны судья Анарбек Мамбеталиевдин төрагалыгында өттү. Топчубек Тургуналиевге каршы административдик иш Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан козголуп, 20-январда аталган райондун сотуна жолдолгон.

Топчубек Тургуналиевге жолдо жүрүү эрежесин бузган, тартип коргоо кызматкерлерине баш ийбей койгон жана уруксат берилбеген митинг, жөө жүрүшкө чыгып, атуулдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген деген айыптар өлкөнүн Административдик Кодексинин 247, 371 жана 392-беренелери боюнча койулууда.

Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аскат Султаналиев мындай деди:

-Топчубек Тургуналиев ошол күнү элди чогултуп, митинг уюштурган. Андан кийин жөө жүрүш уюштуруп, мегафонду колуна алып, ураандарды кыйкырып баскан. Жөө жүрүшкө чыккандарга кайсы багытта басуу боюнча көрсөтмө берип турган. Ал эми биздин, милиция кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө баш ийген эмес. Бул митинг мыйзамсыз митинг болгон. Ошонун негизинде биз административдик рапорт түзгөнбүз .

Бирок сотто Топчубек Тургуналиевдин адвокаты Токторбек Ашыркул уулу Тургуналиевге каршы ачылган административдик иш мыйзамсыз, бул жерде, тескерисинче, анын эркин сүйлөөгө, митинг, пикетке чыгууга болгон укуктары бузулуп жактандыгын белгилеп, сот ишин токтотууну өтүндү.

Тургуналиев өзү да ага коюлган айыптарды моюнга албай тургандыгын жана алар негизсиз экендигин белгилеп, судья Анарбек Мамбеталиевге соттук териштирүүнү токтотуп койуу сунушун айтты:

- Урматтуу сот! Менин адвокатым айткандай, мага карата ачылган административдик иштин эч кандай негизи жок. Рапорт, протоколдордун баары кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча түзүлгөндүгү көрүнүп турат. Эч кандай негиз жок мени административдик жоопко тартуу үчүн. Ошондуктан, мен сизден соттук териштирүүнү токтотууну өтүнөм .

Бирок судья сот жараяны улантыла тургандыгын билдирип, күбөөлөр сурала баштады. Күбө катары суралган Бишкектин тургуну Бөдөш Мамырова 19-январда болгон митинг, жөө жүрүштө коомдук тартип бузулган эмес деген көрсөтмө берди:

- Кыргызстандын Конституциясына ылайык, ар бир атуул өзүнүн ой-пикирин, көз карашын митинг, тынч жыйындар, жөө жүрүшкө чыгуу аркылуу билдирүүгө укуктуу. Бишкекте 19-январда болгон митинг, жөө жүрүштө Топчубек Тургуналиев да, анын башка катышуучулары да, мыйзам бузушкан эмес. Алар тарабынан коомдук тартип сакталган , - деди Бөдөш Мамырова.


Сот жараянында күбө катары суралган Виктор Черноморец, Сергей Бенисович, Дөөлөт Нусупов, Турусбек Жумабаевдер да, Топчубек Тургуналиев тарабынан коомдук тартипти бузуулар болгон эместигин тастыкташты.

Андан соң сотто Топчубек Тургуналиев Административдик Кодекстин бир нече беренелерин бузду деп административдик рапорт жазган Биринчи май райондук сотунун 19 милиция кызматкери күбө катары сурала баштады.

Бул күнү рапортто Топчубек Тургуналиев митингди уюштурган, жол эрежесин бузуп, автоунаанын жүрүшүнө тоскоолдук түзгөн деп жазган капитан Ильяс Туракеев суралды.

Ал көрсөтмө берүүдө суроолорго так жооп бере албай жатат деп, айыпталуучу Топчубек Тургуналиевдин жана сот залында отургандардын нааразычылыгын пайда кылды.

Тургуналиевдин коомдук жактоочусу, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова милиция кызматкери Ильяс Туракеевдин көрсөтмөсүнө байланыштуу:

- Мына Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн Топчубек Тургуналиев митингке тартип бузуп чыкты, аны уюштурду деп күнөөлөгөн милиция кызматкерлери сурала баштады. Булардын биринчисинин эле жооптору, көрсөтмөлөрү бул жерде саясий оюн болуп жаткандыгын көрсөтүп турат. Бул биздин өлкөнүн он жылдан берки жүзү. Кыргызстанда адам укуктары сакталбайт дегенди далилдеген дагы бир көрүнүш.

Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге карата ачылган административдик иш боюнча соттук териштирүү 27-январда улантылат.