Жыйын ЮНЕСКО уюму тарабынан уюштурулду. Ага чогулган окумуштуулар , саясатчылар жерде жыл сайын миңдеген биологиялык түрлөрдүн жоголуусун азайтуунун жолдорун талкуулашат. Окумуштуулардын эсебинде, биологиялык түрлөрдүн жоголуусу ушул кылымда тездеши мүмкүн. Мунун бир себеби – глобалдык жылуулуктун өсүп жатканы. Париждеги конференция аталган проблеманы чечүү жаатында өз сунуштарын берээри күтүлүүдө.
Кечки жаңылыктарды даярдаган -Улан Эшматов, Прага
Кечки жаңылыктарды даярдаган -Улан Эшматов, Прага