ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ АЯКТАДЫ

Айданбек Ташкенбаев, Бишкек Өлкөнүн «Шайлоо кодесине» ылайык добуш берүүгө 35 күн калганда талапкерлердин документтерин кабыл алуу токтойт. Жогорку Кеңешке шайлоо 27-февралга белгиленген. Демек 22-январдан тарта округдук шайлоо комиссиялары талапкерлерден документ алууну токтотту. Ал эми талапкерлер болуп катталгандар кимдер?
Борборшайлоокомдун маалыматы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болууга ниеттенип арыз берген атуулдардын саны 464, ал эми катталып, талапкерлик күбөлүгүн алгандар 310 киши болду.

Талапкер болууга арыз берген атуулдардын ким, кандай кызматты ээлеп келгендигин Борборшайлоокомдун сайтындагы маалымат боюнча иликтөөгө алганыбызда, алардын катарында ишкерлердин арбын экендиги байкалууда.

Бирок жогорку мамлекеттик кызматтарды таштап, парламентарий болууга бой ургандардын саны да аз эмес. Өлкөнүн жети облусунун үчөөсүнүн губернатору кызматтарынан бошонуп, депутат болууга камданып турат.

Маселен, Ош облусунун губернатору Накен Касиев менен Нарын облусунун губернатору Аскарбек Салымбеков №32 Атбашы шайлоо округунан атаандашып, ат салышууда. Депутаттыктан каржы министрлигине, андан кийин Баткен облусунун губернаторлугуна дайындалган Аскарбек Шадиев №12 Сүлүктү шайлоо округунан кайрадан депутат болууга кам урууда.

Жогорку Кеңештин кош палатасынын 105 депутатынын көпчүлүгү кайрадан шайлоого баратат. Алдын ала эсеп боюнча депутаттардын жетимиш беши элден жаңылап мандат алууга ат салышканы турат. Алардын катарында Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев №44 Алай, Эл өкүлдөр жыйынын төрагасы Алтай Бөрүбаев №54 Талас шайлоо округунан бактысын сыноого бел байлоодо.

Акыркы жылдары Акыйкатчылык кызматты аркалап келаткан Турсунбай Бакир уулу да депутаттыкка ат салышууга камданганы кабарланууда. Борбордук шайлоокомдун тизмегинде анын Карасуу жана Отузадыр шайлоо округдарына арыз бергени маалымдалып турат.

Өкмөт курамындагы министрлик жана комитеттердин бир катар жетекчилери да шайлоого баратат. Алардын арасында вице премьер-министр даражасында президенттин энергетика боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев, министрлер Равшан Жээнбеков, Ахматбек Келдибеков жана башка инсандар бар.

Албетте, алар талапкер катары катталаары менен президент жардыгы менен кызматтарынан бошотулду.
Жогоруда белгилегенде 464 талапкердин 100дөн ашуунун ишкерлер түзөт. Төртүнчү бийлик бутагы деп айтылып келген маалымат каражаттарынын 10го чукул өкүлү кадырын калкка салып көрүүгө камданууда.

Талапкерлердин тизмесине байкоо салып, жаңы парламенттин курамы кандай болоору ыктымал деген суроону мурунку мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаковго бердик. Анын жообу мындай болду:

-Тизмеде элге кызмат кылып бере турган, дурус кишилер бар экен. Ошолор өтүп келсе, эмки парламент жаман парламент болбойт. Бирок маселе ошолордун кимисинин өтүшүндө болуп атпайбы.

Анын пикиринде, эл акчага, утурумдук нерсеге алданбай добушун билимдүү, тажрыйбалуу талапкерлерге берсе парламент күчтүү болот. Бирок Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо элдин акчага алданып кеткен учурлары арбын болду.

Ал эми Жогорку Кеңешке аттангандар арасында да ошондой акчалуулар көп экен. Эми эл өткөндөгүдөй катачылыгын кайталабаса экен, деп белгиледи Ишенбай Абдуразаков.

Ал эми “МСН” гезитинин башкы редактору Александр Ким мындай пикирин билдирди:

-Азыр бир жактуу түрдө айтууга болот, бийликтин парламентте конституциялык көпчүлүк орунду алуу аракетинин ишке ашышы өтө кыйын болот. Анткени көпчүлүк округдарда күчтүү талапкерлер баратат. Ал округдарда бийликтин каалагандай иш жасоосуна жол берилбейт.