Парламенттик шайлоого талапкерлер катталууда

БИШКЕК. 22-январдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 20-январда президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева №1 Университет шайлоо округу боюнча талапкер катары катталган. Аталган окуругка Акаевадан башка Бишкектеги №17 орто мектептин директору Наталья Щербакова, экс-спикер Медеткан Шеримкуловдун уулу Кунай Шеримкулов, «Эл үнү» партиясынын лидери, журналист Болотбек Марипов каттоодон өтүшкөн.
Ушул эле окуругдун шайлоо комиссиясы экс-элчи Роза Отунбаеваны парламенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу 6-январда кечинде чечим чыгарып, ошол эле күнү түнкү саат он бирлерден өткөндө шайлоо комиссиясы шашылыш жыйын өткөрүп мурдагы чечимин жокко чыгарган. “Ар намыс партиясынын” төрага орун басары Эмил Алиевдин талапкер катары катталуу арызын №1Университет шайлоо окургу 24-январда карай турган болду.

18-январда № 57 Кемин шайлоо окуругунда президенттин уулу Айдар Акаев андан башка Акылбек Жумалиев, Тойчубек Кадыралиев катталган. Ал эми белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин катталуу, катталбастыгы аталган окургдук комиссия тарабынан 25-январда чечилет.