Абдул Рашид Достум анын өмүрүнө кол салуу аракетинен жабырланган жок

Окуя Ооганстандын түндүгүндөгү Шибирган шаарында болду. Өлкөнүн түндүгүндөгү таасирлүү кол башчылардын бири, теги өзбек генералы Абдул Рашид Достум өзү окуя тууралуу буларды айтты:

-Бут кийимимди кийейин деп жатканда сакчыларым мени Курбан айт майрамы менен куттуктагысы келген адамдарды токтотуп калды. Катуу жарылуу ошол учурда болду. Кудайдын буюругу менен жабыр тарткан жокмун.

Сакалчан жаш жигит ичинде катып жүргөн бомбасын Достумдан бир нече метр аралыкта жардырып жиберген. Бул учурда мечиттин сыртына айт майрамына карата чогулган эле бар эле. Жергиликтүү дарыгердин айтымында, жардыруудан 20дан ашуун киши жаракат алды, алардын бешөөсүнүн абалы оор. Тергөөчүлөр азыр жанкечтинин ким экенин аныктоонун үстүндө иштөөдө. Генерал Достум 2001-жылы талибдерди кулатууда АКШ аскерлери менен кызматташкан. Ооганстандын өткөөл өкмөтүндө коргоо министринин орун басары кызматын ээлеген. Бирок ооган президенти Хамид Карзай октябрдагы шайлоодон кийин Достумду өкмөттүк кызматка дайындаган жок. Президенттик шайлоого талапкер катары Достум өзү да катышкан болчу.