Элчилерге парламент жол ачты, акыркы сөз президентте

БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны 20-январдагы отурумунда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого катыштыруу боюнча «Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун кабыл алды. Баш мыйзамдын 69-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам мамлекет башчы Аскар Акаев тарабынан кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Оппозициячыл маанайдагы депутаттардын пикиринде мамлекет башчы өлкөдөгү кырдаалды курчутууну каалабаса, аталган мыйзам долбооруна жакынкы күндөрү кол коюп, элчилердин парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат бериши зарыл. Мыйзам долбоорун кайра кароо демилгесинин көтөрүлүшүнө төрага Абдыганы Эркебаев баш болгон бир катар депутаттар каршы болушту. Алардын пикиринде Жогорку Кеңештин иштөө тартиби тууралуу жаңыдан күчүнө кирген регламентине ылайык палатада бир жолу кабыл алынбай калган мыйзам экинчи жолу палатада алты айдан кийин гана каралышы керек. Ал эми аталган мыйзам долбоору Мыйзам чыгаруу жыйынынын 18-январдагы отурумунда каралып колдоо таппай калган.