Экс-элчи Мамбетжунус Абыловдун арызы канааттандырылган жок

БИШКЕК. 19-январда Жалалабат облусуна караштуу Каракөл шаардык соту Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун парламенттик шайлоого талапкер катары катталбаганы туура деген чечимин чыгарды. Бул тууралуу Мамбетжунус Абылов ушул эле күнү “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин №22 Каракөл-Ташкөмүр округдук шайлоо комиссиясы Шайлоо Кодексинин 69-беренесине ылайык, Мамбетжунус Абыловдун парламентке депутаттыкка талапкерлигин каттоодон баш тарткан. Мамбетжунус Абылов эми аппеляциялык арызы менен Жогорку сотко кайрылмакчы. 18-январда Кыргызстандын Жогорку Соту экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын арызын карап, экс-элчи Кыргызстандын аймагында акыркы беш жыл ичинде туруктуу жашабагандыгына байланыштуу депутаттыкка талапкер боло албайт деген чечимин чыгарган.