Бармакка белги басылат

БИШКЕК. 18-январда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, шайлоочулардын добуш берүүгө кирүү учурунда бармагына белги коюу маселесин талкуулады. Маалыматка караганда, бул иш чараны аткаруу үчүн АКШдан тийиштүү акча каражаты келип түштү жана бармака белги коюу, шайлоо участкаларын тунук үкөктөр менен камсыз кылуу маселеси чечилүүдө. 18-январга карай Жогорку Кеңештин депутаттыгына 83 талапкер катталды. Ал эми талапкерлиги көрсөтүлгөндөрдүн саны 256 кишиге жетти.