Баткенде депутат болом деген 38 талапкердин 17си катталды

БАТКЕН. Алардын арасында Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев жана азыркы губернатору Аскарбек Шадиев да бар. Андан башка №17 Кызылкыя шайлоо округунан Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясынын директору, «Кыз бурак» эстрада тобунун көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова да бар.