Казакстан менен Орусия чек араны тактап бүтүштү

Москвада бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин эки күндүк иш сапары башталат.
Визит учурунда, ИТАР ТАССтын кабарлашынча, эки өлкөнүн президенттери 7, 5 чакырымдык жалпы чек араны тактап- мыйзамдаштырган келишимге кол койот.
Кремлдин билдиришинче, өткөн жылы Россия-Казакстан аралык соода 50 процентке өсүп, эки өлкө 7, 5 миллиард долларга соода кылышкан.