Саударавия зыяратчыларды кабыл алууга даяр

Саударавия шейшембиде башталып жаткан ажылык зияратында 2 миллиондон ашык кишини кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Сауди жетекчилери коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатканын маалымдады. Алардын айтымында, өлкөдө зордук-зомбулук өнөктүгүн баштаган ал-Каиданын чабуулдарын болтурбоого чаралар көрүлүүдө. Былтыр 250 киши зияратчылардын тепсендисинде калып, каза болгон эле. Быйыл динзарларды коргоо үчүн 50 миңдей коопсуздук күчтөрү ишке тартылууда.