Румынияда алтымыш жети жаштагы аял көз жарды

Бул – азырынча дүйнөлүк рекорд. Адриана Илиеску төрөгөн кыздын салмагы 1, 4 килограмм. Аялдын боюндагы эгиз баланын бири жатында өлүп калгандан кийин, дарыгерлер экинчи ымыркайды операция жолу менен төрөтүшкөн. Дарыгерлердин айтымында, азыр эне- баланын салматтыгы жакшы.

Кечки жаңылыктарды даярдаган - Улан Эшматов, Прага