Азиза Турдуева, Бишкек 16-январда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кыргызстандын мурдагы элчиси Роза Отунбаеванын укугун коргоо боюнча нааразылык акция улантылды. Бул күнкү нааразылык акциясына Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун укугун коргоо комитетинин мүчөлөрү да келип кошулду.
Бул күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Кыргызстандын мурдагы элчилери Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун укуктарын коргоо комитеттеринин өкүлдөрү нааразылык акцияга чыкты. 30га жакын пикетчи “Кыргызстанда шайлоо адилетсиздиги башталды”, “Парламенттик шайлоонун адилет өтүшүн талап кылабыз”, “Элчилердин шайлоого катышуу укуктарын бузууга жол бербейбиз” деген ураандар жызылган плакаттарды кармап турушту.
Пикетчилер нааразылык акцияга чыккан себебине төмөнкүдөй токтолушту. “Ашар” коомдук бирикмесинин өкүлү Айжамал Муратова:
-Мен пикетте биринчи күндөн тартып эле турамын. Анткени, белгилүү саясатчы, элчи Роза Отунбаеванын укугу бузулуп жатат. Биздин мыйзамдар ага өзүнүн талапкерлигин Жогорку Кеңешке көрсөтүүгө жол бербей жатышы таң калыштуу көрүнүш. Мындай мыйзам бузууларга жол берилбеши керек. Биз аягына чейин, Роза Отунбаеванын укугун коргойбуз .
Ал эми Бишкектин тургуну Бусурманкул Абдраев:
-Мен Кыргызстандаа шайлоо акыйкат, ачык өтүшүн каалайм. Ошону үчүн ушул пикетке келдим. Ал эми Роза Отунбаеваны белгилүү дипломат, саясатчы катары сыйлайм. Анын укугун коргоо акциясына мындан ары да катышам , - деди Бусурманкул Абдраев.
Бул күнү Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун укугун коргоп да, 10го жакын атуул пикетке чыкты. Алардын бири Рапихан Абдыкадырова:
-Биз мурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп жүргөн Мамбетжунус Абыловдун укугун коргоп, пикетке чыктык. Анткени, анын укуктары бузулуп жатат. Анын Жогорку Кеңешке талапкерлигин көрсөтүүгө болгон укугу бузулбашы керек. Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, эли, мамлекети үчүн чет жерде иштеп келди. Анын эмгегин да баалашыбыз керек. Элчилердин укуктарын бузууну токтотууну талап кылабыз .
Ал эми пикетчи Тургун Байтемиров:
- Эми азыр Кыргызстандын абалы өтө эле оор. Ошондуктан, бизге Кыргызстандын келечеги үчүн иштей турган инсандар керек. Биз парламентке татыктуу адамдарды шайлашыбыз керек. Элчилер болсо, алардын ичинде мурдагы элчилер Мамбетжунус Абылов, Роза Отунбаева жана башкалар парламентте эл үчүн ак иштеп бере турган адамдардын бири деп эсептейм .
Президенттин администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков буга чейин Бишкектеги нааразылык акция негизсиз уюштурулуп жатат деген пикирин билдирген:
-Бул акциялардын жүргүзүлүшү негизсиз, мунун баары саясий оюн. Кыргызстанда элчилер үчүн өзүнчө мыйзам жок. Бардык атуулдар өлкөнүн мыйзамдарын сактоого милдеттүү .
Бишкек шаарындагы нааразылык акциянын жүргүзүлүшүнө “Кылым шамы” укук коргоо уюму көз карандысыз байкоо жүргүзүп жатат. Анын төрайымы Азиза Абдрасулова белгилегендей, пикетчилер тарабынан да, милиция кызматкерлери тарабынан да азырынча мыйзам бузуулар боло элек:
- Пикет 7-январдан бери уланып жатат. Ошондон бери биздин уюм бул акциянын жүрүшүнө байкоо жүргүзүп жатабыз. Мына бүгүн нааразылык акцияга Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун укугун коргоо Комитети да түзүлдү. Аны колдоочулар да, бул жерге пикетке келишти. Бул алардын укугу. Ага эч ким тыюу сала албайт. Негизинен пикет башталгандан бери пикетчилер бир мыйзам бузууга барышкан жок. Милиция кызматкерлери тарабынан да мыйзам бузуулар боло элек .
Пикетте турган атуулдар мамлекеттик маалымат каражаттарында акча үчүн нааразылык акциясына чыккан деген жалган жалаа материалдар басылып жатканы алардын нааразылыгын туудуруда. Буга байланыштуу “Ашар” коомдук уюмунун өкүлү Ракыя Жусупова мындай деди:
- Биз жөнүндө азыр мамлекеттик маалымат каржатарында жалган, фактыларга негизделбеген, пикетчилер акча үчүн турушат деген мазмундагы материалдар жазылып жатат. Эгерде мындай аракеттер токтотулбаса, биз да өзүбүздүн аброюбузду, укугубузду коргоп чыгабыз. Биз, “Ашар” кыймылынын кыз-жигиттери 1990-жылы да, ачкачылык жарыялап, пикетке чыгып, мурдагы бийликти алмаштырууга өз салымыбызды кошконбуз. Ошондо да тыйын үчүн Аскар Акаевди бийликке алып келген эмеспиз. Бирок, Аскар ага биздин үмүтүбүздү актаган жок. Биз акыйкат башкаруу жүргүзөт деп үмүттөнгөн элек .
Мурдагы элчилердин укуктарын коргоо боюнча нааразылык акция 17-январда улантылат.