МАХМУД АББАСТЫН АЛГАЧКЫ СЫНООЛОРУ

мирбек Усманов, Прага. Палестина автономиясынын жаңы президенти Махмуд Аббастын бийликке келүүсү бир катар күтүүсүз жагдайлар менен коштолду. БШКнын 46 мүчөсү башкаруучу “Фатах” партиясы шайлоо учурунда аларга кысым жасашканын айтып, кызматтан кетишти. Премьер-министр Ариель Шарон жаңы палестин жетекчилиги согушчандарды тыюусун талап кылып, Аббас менен байланышын токтотту. “Жихад” жана ”Фатах” партиялары ишемби күнкү кездешүүдө өз ара элдешүүдөн баш тартышты.
Маркум Ясир Арафаттын ордуна Палестин автономиясынын президенти болуп шайланган Махмуд Аббас ишемби күнү бийликке келүү салтанатында сүйлөп, акыркы күндөрү болгон куралдуу зомбулуктарды айыптады:

–Акыркы күндөрү бир нече кагылышуу болду. Биз израилдик баскынчы күчтөр же айрым палестин партиялары жасаган зобулукту айыптайбыз. Мындай калабалар тынчтык жараяны үчүн абдан зарыл мамырлыкты алып келүүгө жардам бербейт. Биз бу айлампадан чыгуу үчүн эки жактын ок атууну токтотуусуна жетүүгө умтулабыз.

Махмуд Аббас ошондой эле палестиндердин эгемен мамлекетин куруу максатын ишке ашырам деп убада кылып, Израилдин басып алган жерлерин толук кайтарып берүүсүн, согушандарды сая кууп кырууну жана Батыш Иордандагы жөөт конуштарын кеңейтүүнү токтотуусун талап кылды. Ал эми палестиналык-израилдик мамилелерге токтолуп: “Тынчтыкка жетүү үчүн колубузду Израилге сундук”,-деди Аббас.

Премьер-министр Ариель Шарондун өкмөтү Махмуд Аббас программалык сөзүндө согушчандардын Израилге каршы чабуулдарын кандай жол менен токтотулаарын айтпаганын белгилеп, жаңы лидердин сөзүнө канааттанбаганын билдирди.

Аббас согушчандарды талкалап куралсыздандыргандан көрө, алар менен кызматташууну оң көрөрүн мурдатан үзбөй айтып жүрөт.

Ишемби күнү Махмуд Аббастын президент катары ант берүү жана бийликке келүү аземи өтүп жатканда Газа тилкесиндеги кагылышуулар токтогон жок. Израилдик аскерлердин огунан палестиналык алты жаранды каза тапса, согушчандар аткан ракетадан Сдерот конушунда бир жөөт кыз курман болду.
Эртеси жекшемби күнү таң азанда “Хамастын” согушчандары Сдерот кыштагын кайрадан ракетадан аткылашты.

Премьер-министр Ариель Шарон өткөн жумадагы кандуу чабуулдун жоопкерлерин камакка алууну талап кылып, ишемби күнү Аббас менен бардык байланышын токтотту.
Бейшемби күнү Газага кире бериштеги Карно бекетине палестин согушчандары жасаган чабуул алты израилдиктин өмүрүн алган.

Израил өкмөтүнүн чечимин Палестинанын премьер-министри Ахмед Курейи Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка бөгөт болчу кадам деп сындады:

–Бул натуура кадам Израил тынчтык жараянын жандандырып, элдешүүгө жетүү аракетин токтотуу үчүн ар кандай амалга барып жатканын күбөлөйт.

Кырдаалдын өнүгүшүнө караганда, төрт жылдан бери алоолонуп басылбаган израилдик-палестиналык кагылышуулар оңой менен басылчудай эмес.
Ишемби күнү кеч куптанда Газада палестиналыктардын “Жихад “ жана Фатах” партиясынын лидерлеринин төрт сааттык сүйлөшүүсү натыйжасыз бүттү.
“Израилдиктер биздин элге чабуул жасап жаткан учурда, ок атышууну токтотуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес”,-деп билдирди сүйлөшүүдөн соң “Жихаддын” жетекчилеринин бири Нафез Аззам.

“Хамасттын” Сириядагы бюросу да ок атышууну токтотууга жана куралсызданууга даяр эмес экенин эскертти.

Жекшемби күнү премьер-министр Ариель Шарон жөөт аскерлерине Газа тилкесиндеги палестиналык согушчу күчтөргө каршы айоосуз чечкиндүү чабуул жасоого буйрук берилгенин жарыя кылды.