Атуулдардын тынч жыйын, пикет өткөрүүсүнө уруксат берүү тууралуу мыйзам долбооруна кошумча киргизүү сунушталууда

БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын Адам укуктары боюнча комитети 17-январь күнү жыйын өткөрүп, «Атуулдардын тынч чогулуп, куралсыз жыйын, митинг, нааразылык акцияларын өткөрүүсү тууралуу» мыйзамга кошумча өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматы кабарлашты. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 16-беренесинин 14-бөлүгүндө өлкө жарандары каалаган убакта куралсыз чогулуп, чогулуш, митинг, жүрүш, пикет өткөрүүгө укуктуу деп жазылган. Буга байланыштуу Конституциялык сот 2004-жылдын 14-октябрында «Атуулдардын тынч жыйналып, куралсыз, эркин митинг жана демонстрация өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамдагы атуулдардын митинг өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алуу эрежесин жокко чыгарган. Кыргыз өкмөтү аталган мыйзамга уруксат алуу эрежесин кайрадан киргизүүнү сунуштоодо.