Өзбек бийлиги абакта ажал тапкан Самандар Умаровдун өлүмү менен байланыштуу кылмыш ишин ачканын "Фридом хауз" аттуу адам укуктарын коргогон эл аралык уюм кубаттаганын билдирди. "Хизб ут-Тахрир" партиясына мүчө болгону үчүн Умаров 17 жылга эркинен ажыратылууга кесилген жана укук коргоочулардын айтымында, абактагы кыйноолордон улам январдын башында өлгөн.