Бириккен Улуттардын баш катчысынын өкүлү Маргарета Уолстрөмдүн айтымында, цунамиден жапа чеккен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде эпидемиялардын башталышы азырынча кармалып турат: "Эпидемиялар азырынча баштала элек, бирок көрүлүп жаткан аракеттер азайбаш керек. Коркунуч дагы эле бар, анткени үйлөрүн жоготкон адамдар чогуу жашап жатат жана санитардык абал дагы толук калыбына келтириле элек". 26-декабрда деңиз түбүндө болгон жер титирөө жана андан чыккан толкундан 160 миң адам өлүп, 700 миң киши үйсүз калды.